Жаңылыктар
Борбор калаада "Жаз Деми" аталышындагы массалык жарым марафон өтөт
Спорт
Борбор калаада "Жаз Деми" аталышындагы массалык жарым марафон өтөт

Бишкек шаарынын күнүн утурлай борбордо "Жаз Деми" аталышындагы массалык жарым марафон өтөт. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиргендей, иш-чара 14-апрелде саат 9:30да "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде башталат. 

Катышуучулар жылдагыдай эле "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо чуркашат. Старт менен финиш "Аска-Ташта" белгиленген. Иш-чарадан түшкөн каражат көзү начар көргөндөргө таяк алып берүүгө жумшалат.

Спорттук иш-чаранын катышуучулары менен көрүүчүлөрү концерттик программага күбө болуп, белек-бечкектерди ала алышат.