Жаңылыктар
Белгилүү манасчы Сапарбек Касманбетов 85 жашта
Маданият
Белгилүү манасчы Сапарбек Касманбетов 85 жашта

Белгилүү манасчы, айтылуу төкмө акын, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касманбетов 85 жашта. Анын мааракесине арналган "Асыл мурасты уланткан залкар манасчы" атуу эл аралык илимий конференциясы жана сүрөт көргөзмөсү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын, илимдин кызматкерлери жана студенттер катышты.

Улутубуздун сыймыгы болгон Манас эпосун аткарып, аны элге жеткирүү үчүн чоң талант керек. Манасты ийнине жеткире айткандыгы менен коомчулукту өзүнө тарткан жаш манасчылардын устаты элибиздин белгилүү, талантуу манасчысы Сапарбек Касманбетов.

“Манас” эпосун оозеки жана жазма тилде да тең аткара билген эң көрүнүктүү манасчы Сапарбек Касманбетов кыргыздын көөнөргүс көркөм-рухий мурасын улуттук жана эл аралык деңгээлде даңазалап таанытып келет.

1995-жылы Лондондо “Манас” кечеси өткөрүлүп, Улуу Британиялыктар Манасыбызды эң биринчи Сапарбек Касманбетовдун оозунан угушкан. Ал Манас айтып жатканда тайманбас баатырлардын чаап бараткан аттардын дүбүртү кулакка угулуп, жанында отурган аудиторияны ааламдын башка алкагына алып кирип бараткандай туюлган.

Манасчынын айтуусундагы “Манастын” окуялары дүйнөдө миллиарддаган эл сүйлөгөн англис тилинде өзүнчө бир китеп болуп басылып чыккан. Кыргыздардын руханий таберигин Батыштагы окурмандарга таанытып даңаза кылган баалуу эмгектин чыгышы элибиз үчүн зор сыймык десек болот. Элибиз Сапарбек атанын манасчылык өнөрү менен катар төкмөлүгүн да жакшы билет.Көптөгөн кароо-сынактарда,айтыштарда жогорку деңгээлде куюлуштуруп ырдап, калың элдин баасына арзыган. “Бала кыял”, Эр Кошой, Балыкчы баяны,Билерик аттуу китептердин автору болгон көп кырдуу талантка жогорку чеберчилиги жана чыгармачылык жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы жана бир катар сыйлыктар ыйгарылган.