Жаңылыктар
Кыргызстандын хоккейчилери Араб Эмирлигинин командасын 7:4 эсебинде утту
Спорт
Кыргызстандын хоккейчилери Араб Эмирлигинин командасын 7:4 эсебинде утту

Абу-Даби шаарында Дүйнө чемпионатынын алкагында өтүп жаткан оюндардын тандоо турунда Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Бириккен Араб Эмирликтеринин командасын 7:4 эсеби менен жеңип алды. Бирок, улуттук курамдын буга чейинки бардык жеңиши команданын оюнчусу Александр Титовдун оюндан чыгарылганына байланыштуу жокко чыгарылды.

Бул тууралуу Хоккей федерациясынан билдиришти. "Титов буга чейин Россида ойногон. Ал Кыргызстандын командасында ойноосу үчүн эл аралык федерациядан уруксат алынган. 30-мартта уруксат берилген, бирок 5-апрелде чечим туура эмес болгон дешти. Уюштуруучулар биздин 4 жеңишти жокко чыгарышты", — деп билдиришти федерациядан. Кыргызстандын оюнчулары буга чейинки этаптарда Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен утуп алышкан. Улуттук команда бул жеңиши менен 2020-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна жолдомо алмак. Мелдеш 31-марттан 6-апрелге чейин созулуп, ага алты команда катышып жаткан.