Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди

Президент  Жээнбеков "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду. 

Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, окуянын катышуучулары, эл өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.