Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Германияга барды
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Германияга барды

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Германияга барды. Визиттин биринчи күнүндө, 15-апрелде, Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика министри, Бавариянын премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Ханс Зайдель атындагы фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт. Кыргыз-немис бизнес-форумунун ачылышына катышат. «Pellmeyer» айыл-чарба ишканасына барат жана мекендештер менен жолугушат. 

Ал эми 16-апрелде Берлинден Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. 

Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель прессага билдирүү жасашат. Расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.