Жаңылыктар
Талас мамлекеттик университети медицина адистерин даярдоону баштады
Ден соолук
Талас мамлекеттик университети медицина адистерин даярдоону баштады

Медицинада жыл сайын алдыга озуп, заманбап жабдыктар менен иштөө ыкмасы кеңири колдонулууда. Ошол эле учурда элет жеринде бул жаңылануулар менен иштөөнүн ыгын билген адистер жокко эсе. 

Дал ушул маселени эске алып, Талас мамлекеттик университети медицина адистерин даярдоону баштады. Бул иш эл аралык долбоордун алкагында ишке ашып жатат. Анын алкагында тажрыйба алмашуу багытында конференция өткөрүү колго алынган. 

Эл аралык маанидеги иш-чарага республиканын 7 жогорку окуу жайынан жана долбоорго өнөктөш Германия, Румыния, Хорватия өлкөлөрүнүн белгилүү окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда. 

"Медицина тармагын санариптештирүү" багытындагы бул долбоордун алкагында Талас шаарындагы бейтапканалардын жабдыктары менен таанышуу да болду.