Жаңылыктар
Дин сабаттуулукту талап кылат
Дин
Дин сабаттуулукту талап кылат

10 медресенин директору жана 177 окутуучу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан аттестациядан өттү. Бул тууралуу аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Замир ажы Ракиев билдирди. 

Анын айтымында жалпысынан 384 окутуучу жана 71 медресе жетекчисин аттестациялоо каралган. Азыр светтик диний билими бар 10 медресе жетекчиси атестациядан өттү. 

Ракиев-кийинки этапта диний мекемелерде билим берген бардык окутуучулардын билим деңгээли текшерилерин жана аттестациядан өтө тургандардын тизмеси башкармалыктын сайтына жайгаштырылаарын билдирди.

Жакын арада Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аттестациялык комиссиясынын кеңейтилген жыйыны өтөт. Комиссия мүчөлөрү анда дин чөйрөсүндөгү кемчиликтер, жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берилерин белгилешти.