Жаңылыктар
"Бишкек - Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
"Бишкек - Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулат

Жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек - Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, “Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу тилкесиндеги ремонт иштерине байланыштуу 20-апрелде жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек - Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат. 21-апрелден тарта аталган каттам белгиленген тартип боюнча жүрө баштайт.