Жаңылыктар
Данил Браилкинди уурдагандар эки айга каммака алынды
Кылмыш
Данил Браилкинди уурдагандар эки айга каммака алынды

12 жашар Данил Браилкинди уурдагандар СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев билдирди. Ал маалымдагандай, мындай чечимди Ысык-Ата районунун соту кабыл алган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда эки ай кармалат. 

Эске салсак, 12 жашар өспүрүмдү Кант шаарынан уурдап кетишкен. Белгисиз бирөөлөр ак түстөгү "Хонда фит" үлгүсүндөгү унаа менен баланы уурдап кетишкен. Ошол эле күнү кечинде уурдалган бала аман-эсен табылып, шектүүлөр кармалган.