Жаңылыктар
Бишкек шаарынын күнүнө Согдиана менен "Ялла" тобунун келээри күтүлүүдө
Маданият
Бишкек шаарынын күнүнө Согдиана менен "Ялла" тобунун келээри күтүлүүдө

Борбор калаада 29-апрель күнү шаар күнү белгиленет. Бишкек шаарынын күнүнө карата жылына  "Ала-Тоо" аянтында өзгөчө шаң менен коштолгон концерт коюлат. Бул жылкы майрамдык концертке конок катары ырчы Согдиана менен Өзбекстандын легендарлуу  "Ялла" тобу чакырылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.