Жаңылыктар
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөр кармалды
Кылмыш
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөр кармалды

2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Казакстан Республикасынын 3 жараны кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казахстандын жарандары Кыргызстан өткөрмө пунктунан сырткары жерден Казахстандын аймагынан өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган адамдар УКМК органдарына сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди. 

Кыргыз Республикасынын УКМК жана МЧК мамлекеттик чек аранын мыйзамсыз кесип өтүүдөгү мыйзамсыз фактыларды аныктоо боюнча Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы аркылуу жигердүү иш алып барып келет.

Анын жыйынтыгында, 2019-жылдын башынан бери өз өлкөсүнөн тыюу салынганын 25тен ашык чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталып, кармалган. 

Азыркы учурда КР Өкмөтү тарабынан тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасынын 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.