Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

2019-жылдын 15-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 132- чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.