Жаңылыктар
2016-жыл Тарых жана маданият жылы
Кыргызстан жаңылыктары
2016-жыл Тарых жана маданият жылы

2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыялады. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкта - “Бүгүн маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү өзгөчө зарыл. Кошумча ресурстарды тартуунун эсебинен өз ишин өнүктүрүүгө күч үрөгөн айрым маданий мекемелердин жигердүү иштери мамлекеттин колдоосуна муктаж. 2016-жылы Кыргызстандын эгемендигине 25 жыл толот.

Кыргызстандыктар, бүт түрк дүйнөсү залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын майрамдайт. Мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш чараларга өзгөчө маани берилет.

Ошондой эле, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнө 80 жыл толот. Бул окуялар жана инсандар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон жана Кыргызстан элинин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар.

Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттырууда, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн улуттук моделин түзүүдө жана ишке ашырууда бул кудурет-күчтү натыйжалуу пайдалануу, адеп-ыймандык жаңы багыттарды жаратуу, кубаттуу, бакубат мамлекетти куруу тилеги менен жарандарды бириктирүү зарыл”-деп айтылат.