Жаңылыктар
Кыргызстанга Алтай аймагынан делегация келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Алтай аймагынан делегация келди

Алтай аймагынан делегация Кыргызстанга келди. Алтай аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, ишкерлер тобу Бишкектеги Россия илимий жана маданий борборунда жолугушуу өткөрүштү. Максаты - айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү, соода сатык жана билим берүү тармагында кызматташуу боюнча жаңы өнөктөштөрдү табуу. 

Жолугушууда Алтай аймагынын өкүлдөрү, ишкерлер өз мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүштү. Делегация жетекчиси, Алтай крайынын өкмөт башчысынын орун басары Александр Лукьянов белгилегендей, сапар аймактын губернаторунун тапшырмасы менен уюшулду.