Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визити уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визити уланууда

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визити уланууда. Бүгүн Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херманн менен жолугуп, кызматташтык маселеси талкууланды. Тараптар соода-экономикалык алаканы жандантып, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, кооперативдерди жана туризмди өнүктүрүү багытында кызматташуу зарылчылыгын белгилешти.  Мындан сырткары мамлекет башчысы Ханнс Зайдель атындагы фонддун жетекчилиги менен да жолугуп, эки өлкөнүн ишкерлеринин форумуна катышты. Президентти Мюнхендеги мекендештер да тосуп алды.

Президенттин Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Федералдык жана европалык маселелер, Жалпыга маалымдоо каражаттары маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херман менен жолугушуусунда соода-экономикалык алакага өзгөчө көңүл бурулду. Ага парламент депутаттары, өкмөт менен президенттин аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын айыл чарба, туризм, гидроэнергетика, тоо кен тармактарында мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин белгиледи. Мамлекет башчысы инвесторлорду кызматташууга чакырып, Кыргызстанда 2020-жылы Германия экономикасынын күндөрүн өткөрүүнү сунуштады. Ошондой эле Европа Биримдиги менен алаканы бекемдөөнүн жаңы стратегиясы иштелип жатканын, ага июль айында кол коюлаарын кошумчалады. Мындан сырткары Кыргызстан аталган уюм артыкчылык берген ВСП+ макамына ээ эскенин эске салып, биргелешкен ишканаларды түзүү жемиштүү болоору да айтылды. Кооперативдерди, туризмди өнүктүрүү жана жашыл технологиялар боюнча биргелешкен фонд ачуу тууралуу сөз болду.