Жаңылыктар
Талас облусу ар улуттун өкүлдөрү ынтымак менен биримдикте жашаган аймак
Билим
Талас облусу ар улуттун өкүлдөрү ынтымак менен биримдикте жашаган аймак

Дубанда немец улутундагылар арбын отурукташкан. Ушундан улам махабат улут тандабайт демекчи, уул-кыздарын бир бирине бүлө кылып, куда күтүп, көп улуттуу үй-бүлө болуп түтүн булатып келе жаткандар да көп кездешет. Улуттар аралык ынтымакка данакер болгон жубайлардын турмушунан аймактагы кабарчыбыздын материалы.

Наталья Шиц Талас шаарындагы мектептердин биринде башталгыч класстын мугалими. Ал Манас районунун Покровка айылында туулуп, чоңойгон. Атасы да, апасы да немец улутунан. Наталья орус класста окуганы менен коңшулары кыргыз болгондуктан кыргыз тилин бала чагынан так сүйлөп чоңойгон. Натальянын тилди мыкты өздөштүрө билгени, иштеген жеринде да пайдасын тийгизип, кесиптештери арасында урматка ээ болуусуна түрткү болду.
Каарманыбыз жогорку окуу жайында окуп жүргөндө эле болочок жолдошу менен таанышкан. Сүйүү улут тандабайт дегендей, кыргыз жигити немец кызы менен баш кошуп, бирге түтүн булатып келгенине 4 жыл болду. Эки жаштын үйлөнүү чечимине алгач күмөн мамиле кылган кудалар, учурда көп улуттуу үй-бүлө болуу бактысынын даамын татып, уул-келининин амандыгын гана тилеп отурушат. Учурда Наталья жолдошу Нурсултан менен бир уул, бир кыздын бактылуу ата-энеси.