Жаңылыктар
"Манас": жаңы табылгалар
Маданият
"Манас": жаңы табылгалар

Манасчы, изилдөөчү Медер Мергенбаевдин 1921-28-жылдар аралыгында ошол кездеги залкар манасчылардан жазып алган кол жазмаларынын негизинде даярдалган “Манас” эпосу китебинин бет ачары өттү. Мергенбаевдин араб арибиндеги кол жазмаларын анын урпактары сактап жүргөн. 

Ал БГУнун илимий китепканасынын кол жазмалар фондуна мындан 40 жыл мурун келип түшкөн. Манасчынын кол жазмалары жалпы 6 томдон турат. Азыр анын бир томдугу 1 миң нуска менен басылып чыгарылды.