Жаңылыктар
Медициналык тез жардам кызматы жакшырат
Ден соолук
Медициналык тез жардам кызматы жакшырат

Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшүп жаткан айып пулдардын эсебинен жакшыртылат. Тийиштүү чечим өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» жыйынынын соңунда кабыл алынган. 

Финансы министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу аркылуу белгиленген. Жол кыймылы эрежесин бузуулар үчүн алынган айыппулдун суммасынан медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын камсыздоо үчүн финансы каражаттарын бөлүү маселесин карап чыгуусу тапшырылган. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар эки жумалык мөөнөттө аталган маселе боюнча өз сунуштарын Өкмөткө киргизүүсү зарыл.