Жаңылыктар
"Дарак ыры" тасмасы Ирандагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт
Маданият
"Дарак ыры" тасмасы Ирандагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандык "Дарак ыры" тасмасы Ирандагы "Фажр" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. 

Бул фестиваль Тегеран шаарында 18-26-апрель күндөрү өтөт. Ага 75 өлкөдөн келген 109 тасма катышат. 

Анда Eastern Vista – Азия жана ислам өлкөлөрүнүн фильмдери бөлүгүндө Кыргызстандын "Дарак ыры" жана Өзбекстандын "Кайрат" тасмалары көрсөтүлөт.