Жаңылыктар
Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсү өрттөнүп, чатыры толугу менен урап түштү
Дүйнө
Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсү өрттөнүп,  чатыры толугу менен урап түштү

Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсү өрттөнүп, анын чатыры толугу менен урап түштү. Чиркөөдө өрт жергиликтүү саат боюнча 18:30дар чамасында башталган. 

Өрттөн улам Франциянын президенти Эммануэль Макрон "Жашыл күрмөчөндөрдүн" талабы боюнча элге жасай турган кайрылуусун кийинкиге жылдырды. 

Чиркөөдө реставрация иштери жүрүп жаткандыктан, имараттын жарым бөлүгү жабык болчу. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына оңдоо иштери себеп болушу ыктымал. Жеринде өрт өчүрүүчү кызмат иштеп жатат.