Жаңылыктар
ӨКМ сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы балага байланыштуу жыйын өткөрдү
Кырсык
ӨКМ сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы балага байланыштуу жыйын өткөрдү

15-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 5 жаштагы бала чөгүп кеткендигине байланыштуу жыйын өткөрдү.



Жыйын жүрүшүндө министр издөө иштерине дагы кошумча  күчтөрдү тартып, болгон күч аракетти жумшап, жумуш алып барууну тапшырды.

Министрдин тапшырмасы менен министрдин орун басары К.Ахматов изилдөө куткаруу иштеринин жүрүшүн жеринде коордициялап жатат.

Издөө куткаруу иштерине жалпы 134 куткаруучу тартылды.