Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы “Азия чакырыгы” кубогунун үчүнчү жолку жеңүүчүсү болду. Учурда хоккей боюнча эл аралык турнир Бишкекте өтүп жатат. Анын расмий ачылышы өткөн ишемби күнү 9-апрелде болгон. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Малайзиянын спортчуларын 9:5 эсебинде уткан.
Ага чейин Индияны 11:1 менен ал эми Катарды 9:0 менен артта калтырган болчу. Хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогуна арналган эл аралык мелдеште ошентип Кыргызстан эч кимди алдына салдырбай келе жатат. Алдыда дагы Макаодон келген спортчулар менен беттешет. Мелдеш 14-апрелде кечки саат 19да башталат.
“Азия чакырыгы” кубогунун 2014-жылдагы оюндары дагы Бишкекте өтүп, финалда Кыргызстан курамасы Макаого аз гана айырма менен, 5:4 эсебинде утулуп калган эле. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште коло медаль тагынышкан. Азыркы тандоо турунан уткандар Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого мүмкүнчүлүк алат.