Жаңылыктар
Тарых музейи жана ат майдан боюнча 6 аткаминерге айып коюлду
Коррупция
Тарых музейи жана ат майдан боюнча 6 аткаминерге айып коюлду

Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

Жамшитовдун айтымында, Улуттук тарых музейин жана «Ак-Кула» ат майданын оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Башкы прокурордун сөзүнө караганда, бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 миллион сомдук зыян келтирилген. Анын 101,6 миллион сому музейден, 145,9 миллион сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян. 

Тарых музейиндеги коррупция тууралуу былтыр 25-майда «Ата Мекен» фракциясы айтып чыккан. Анда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганы, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы жарыяланган. Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган. 

Кийинчерээк Улуттук тарых музейин оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мармар жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону ачыкка чыккан. Көп өтпөй УКМК музейди реконструкциялоодо бюджеттик каражатты туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.