Жаңылыктар
Жээнбеков өрт кырсыгына байланыштуу Франция президентине көңүл айтты
Кырсык
 Жээнбеков өрт кырсыгына байланыштуу Франция президентине көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу Франция президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты. 

“Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Нотр Дам – дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.