Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт өчүрүлдү. Учурда өрт өчүрүүчүлөр жалындын кайра чыгышын алдын алуу үчүн жеринде көзөмөлдү күчөтүүдө. Жабыркагандар жок.
Париждеги атактуу Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт кечээ кечинде чыккан. Андан улам чатырдын үчтөн эки бөлүгү, чоң саат жана бир мунара кыйрады. Президент Эммануэль Макрон дүйнөлүк маданий баалуулукту калыбына келтирүүгө убада берди.