Жаңылыктар
Борбордогу коомдук транспорттун жетишсиздиги ыңгайсыздык жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордогу коомдук транспорттун жетишсиздиги ыңгайсыздык жаратууда

Бишкек шаары күн санап, ай санап өсүп жатат дейбиз. Бирок шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу ойдогудай эмес. 

Шаардын жака-белине жаңы конуштар түшкөнүнө 20 жылдан ашса дагы, учурда бул конуштардын бирине да шаардык муниципалдык транспорт каттабайт. 

Алиназар коңшусу Раатбек экөө сабакка бараарда демейдегиден 1 саатка эрте чыгат. Себеби маршруттук унаа убагында келбегендиктен, көпкө күтүүгө туура келет.

Күткөн унаасы келбей мектебине жөө чуркап жөнөшкөн балдар жашаган аймак, мурунку Щербаков азыркы Боталиев көчөсү. Ушул тапта бул көчө аркылуу бир гана 281-маршруттук унаа өтүп, ал дагы Ак-Ордо конушунан Дордойго каттайт. Ошондо бул аймактагылар шаар борборуна баруу үчүн, убакыт коротуп күтүп отурбай, 3 аялдама алыс жайгашкан Махатма Ганди көчөсүнө жөө чыгышат.

1-май районуна караштуу бул аймактагылар абалды түшүндүрүп, барбаган жери какпаган эшиги калган эмес. 


Ал эми Бишкек шаарынын башка бир аймагында абал таптакыр башкача. 

Тизилген автобустар, троллейбустар, анын аркасынан маршруттук унаалар катары менен келип, аялдамада көп күтпөстөн, шаардын баардык тарабына кете аласың. Жада калса, бир маршрут барган жерге экинчиси да каттап, бири-бирин кайталаган учурлар арбын.

Анткени бул жер спальный район деп коет, элдер көп...

Жагдайды шаардык транспорт башкармалыгы ар бир аймакта жашаган калктын көптүгү менен түшүндүрүүдө. 

Ошондо ордо калаада маршруттук каттамдарды тейлеп жаткан 41 фирма бар болсо, алар учурда 113 каттамды гана камсыз кыла алат. Эгер кайсы бир каттамда эл аз болуп, мээнет акталбай калса, айдоочулар жөн гана жумуштан баш тартып кетип калышат.

Ошону менен ушул тапта борбор калаада калкты коомдук транспорт менен тейлөөдө 10 пайыздык жетишпестик бар. Троллейбусту кошпогондо 10 каттамды тейлеген 120 автобус иштеп жатат. 

Бишкек мэриясы болсо жеке тараптардын алып келе турган автобустарын кошкондо жакынкы айларда 78 жаңы автобус келет деп көңүл сооротууда. Ал эми иликтөөгө ылайык, шаарга бери дегенде эле 800 автобус керек.