Кыргызстандын товарлары ЕАЭБ, коңшу Өзбекстан өлкөлөрү менен бирге Евробиримдикке кирген мамлекеттерге анын ичинде Германияга да экспорттолот. Анын үстүнө Кыргызстан Европага чыга турган ВСП+ макамына ээ.
Негизинен кургатылган жер-жемиш, бал, төө буурчак өңдүү айыл чарба азыктарына суроо-талап бар. Бирок 600ден ашык товардын түрүн киргизүүгө уруксат берген бул мүмкүнчүлүктү болгону 70тен ашык эле ишкерлер колдонууда. Анын себеби атаандаштыкка туруштук бере турган сапаттуу товарды өндүрүү.
Германия Европа экономкасынын эң кубаттуу мамлекеттеринин сап башында. Мындан улам талдоочулар Германия менен экономикалык байланыштарды, соода сатык менен инвестиция тартууну күчөтүү туура деп эсептейт.
Энергетикага инвестиция тартсак болот. Германия ошол эле учурда тоо-кен тармакка кызыкдар ал жакка тарткак болот, - деп билдирди экономика илимдеринин кандидаты Кеңешбек Алимбеков.
Германиянын Мюнхен шаарында өткөн кыргыз-герман бизнес-форумунда дал ушул энергетика тармагында кызматташтыкты түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Германиянын ишкерлери Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салып, чакан жана ири ГЭСтерди курууга даяр.
Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык, гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыгы соңку жылдары ыраттуу өнүгүп келет.
Эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 2018-жылы 80 миллион доллардан ашкан. Анын 90% импорт ал эми 10% экспорт.
Талдоочулардын айтымында өлкө башчысынын расмий сапарынан кийин эки мамлекеттин экономикалык байланыштары дагы артат.