Жаңылыктар
Ош шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн сырты боёлуп, жаңыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн сырты боёлуп, жаңыланууда

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекеме-ишканалардын сырткы дубалдары ар кандай түстөргө боёлуп, кооздоло баштады. Бул боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов демилге көтөрүп, иштин жүрүшү боюнча тиешелүүлөргө тапшырма берген. 

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында бүгүнкү күндө борбордук Ленин, Курманжан датка, Масалиев көчөлөрүндөгү ондон ашуун көп кабаттуу үйдүн, жыйырмадан ашуун мекемелердин сырты боёлгон.

Көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын оңдоо боюнча өткөн жылы эле  иш башталган. Кулатов кичи районундагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты боёлуп, балдар аянтчасы, жол курулган.