Жаңылыктар
Жээнбеков Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту
Саясат
Жээнбеков Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи.

Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес, - деп белгиледи Ангела Меркель.

Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.


Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

Ал расмий визиттин алкагында эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

«Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери кирзилүудө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштөөдө», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.