Жаңылыктар
Бишкек шаарына Түркиянын белгилүү актерлеру келет
Маданият
Бишкек шаарына Түркиянын белгилүү актерлеру келет

Бишкек шаарында 22-26-апрелде  "III Түрк Тасмаларынын Жумалыгы" өтөт.  Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинде аталган иш-чарага байланыштуу маалымат жыйыны болоору күтүлүүдө. 

Ага,  “Биз үчүн чемпион” тасмасында жана “Даңазалуу доор” сериалынын башкы ролунда ойногон  актёр Экин Коч, “Чөөлөр менен бий-5” тасмасынын актрисасы Ханде Китапоглу жана ошондой эле түрк режиссёрлору катышышат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалымат жыйын Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги жыйындар залында 22-апрель күнү, саат 12:30да болот. 

Түркия тасмаларынын жумалыгынын алкагында борбор калаадагы "Манас" кинотеарында кино сүйүүчүлөр үчүн акысыз 5 тасма көрсөтүлүп, кино жаратуучулар менен актерлердун көрүүчүлөр менен жолугушуусу болот.