Жаңылыктар
Нарындагы Памирлик кыргыздар кандай жашап, эмне күндү көрүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы Памирлик кыргыздар кандай жашап, эмне күндү көрүп жатат?

Памирлик боордоштордун Теңир-Тоо жергесине келгенине эки жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында аларга мамлекет тарабынан камкордук көрсөтүлүүдө. Келгендер тиричилигин жөндөп, чарбачылык менен алек. Бирок коомчулук арасында "памирликтерди бийлик кара жумушка иштетип койду, боордошторго тыңгылыктуу шарт түзүп берген жок", - деген пикирлер да бар.

Жайчыбек менен Абдырасул күнү кечке базарда кагаз куту чогултуп иштешет. Күнүмдүк кирешелери 200-300 сомго чейин чыгат. 

Мээнеткеч туугандар бул жумушка чыкканына эки ай болду. Жумушчу топто үчөө бар. Анын бири Абдырасулдун баласы Гафар. Учурда Гафар убактылуу үйүндө экен. Андыктан биз анын жашаган жерине сапар тарттык. Үйүндө келинчеги менен эки кызынан тышкары күйөө баласы, атасы жана кудасы жашайт. Алар эки жылдан бери үйдөн үйгө көчүп жүрүп ушул жерге байыр алышкан. Алар азыркы жашоосу жакшы экенин, бир гана турак жай маселеси бар экенин айтышты.