Жаңылыктар
ИИМ: Ысык-Көл облусунда 200 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды
Кылмыш
ИИМ: Ысык-Көл облусунда 200 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды

2019-жылдын 16-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштардын бетин ачууга, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана кармоого багытталган комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик жана ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды. 2019-жылдын 16-апрель күнү Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери 32 жаштагы Б.А. аттуунун башкаруусундагы “Ауди А6” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, автоунаанын ичине кароо жүргүзүү учурунда 455 грамм гашиш табылган.

Андан сырткары, БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген төрт жарандын жашаган жерин мыйзамдын чегинде текшерүүгө алышкан. Ысык-Көл облусунун Каракол шаары менен Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограмм марихуана жана 1 килограмм 600 грамм гашиш баңгизаты табышкан.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинен  (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана
алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жеткирүү) боюнча катталды.