Жаңылыктар
Түшүмүн экспортко чыгарган багбандар арбыды
Айыл чарба
Түшүмүн экспортко чыгарган багбандар арбыды

Өлкөдө эрте түшүм бере турган орто жана жапыз жемиш бактарын отургузуп, түшүмүн экспортко чыгарып, марып жаткан багбандар көбөйдү. Бул багытта эмгектенген дыйкандардын саны дагы арбышы мүмкүн. Себеби сугат айдоо жерлерге көп жылдык бак-дарактарды отургузууга коюлган бөгөт алынып салынды. 

Өкмөттүн бул демилгесин бекемдеген мыйзам долбоорун Жогороку Кеңеш колдоп берген жана күчүнө кирген. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн дагы бир маанилүү кадамынын бири - майда чарбалар кооператив уюмуна биригүүгө жеңилдик бере турган мыйзам да иштеп жатат.