Жаңылыктар
"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын айланасындагы кыңыр иш тергелүүдө
Коррупция
"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын айланасындагы кыңыр иш тергелүүдө

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери камакка алынып, Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандар чет элдик паспортторду чыгарууда электрондук бланктарды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда. 

«Инфокомдун» башчысы Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев УКМКнын тергөө абагына отургузулду. Тергөөнүн жүрүшүндө такталгандай, кызматкерлер өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча өлкө мыйзамдарын бузуу менен мамлекеттик каражатты үнөмдөбөстөн, аларды колдонуунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздаган эмес.