Жаңылыктар
ЖК Башкы прокурордун отчётун канааттандыраарлык деп тапты
Саясат
ЖК Башкы прокурордун отчётун канааттандыраарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун 2018-жылга карата отчётун канааттандыраарлык деп тапты. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Өткүрбек Жамшитов өткөн жылга карата Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышы жана жалпы эле прокуратура органдарынын ишмердигин күчөтүү боюнча аткарылган иштерди айтып берди. Коомчулукта кызуу талкуу жараткан, саясатчыларга байланыштуу кылмыш иштери боюнча да ондогон суроолор берилди. 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 миң 971 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү боюнча 14 миң 20 прокурордук актылар түзүлгөн. Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9 миң 948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 миллион 635 миң 406 сомду түзгөн.