Жаңылыктар
Жаанчыл жазда өрүктү жамгырдан сактоо аракеттери көрүлүүдө
Айыл чарба
Жаанчыл жазда өрүктү жамгырдан сактоо аракеттери көрүлүүдө

Жаз айларында жамгырдын көп жааганы өрүктүн мөмөсүнө зыянын тийгизип, сапатын төмөндөтөт. Бардык эле багбандар бул учурда дарылоо керек экендигин биле беришпейт.

Баткен районунун Кара-Бак айылында 2000 тоннага чейин өрүк түшүмү алынат. Бирок аны дарылап, өз учурунда кам көрүлбөгөндүктөн сапаты төмөн. Мындан улам багбандарга өрүктү дарылоо боюнча атайын семинар уюштурулуп, триходермин жана биолиглин дарыларын кантип пайдалануу жана кайсыл учурларда чачуу керектиги көрсөтүлдү. 

Өрүк түшүмүнүн сапаты төмөн болуп жаткандыгы анын баасына да таасирин тийгизүүдө. Жергиликтүү базарларда гана сатылып, туруксуз баа багбандарды түйшөлтүп келет. Ошол эле учурда жыйналган өрүктү сактоо жагынан да абал жакшы эмес.

Бат эле курт түшүп кетет. Ошол үчүн анан зыян тартып калбайык деп тажиктер канча десе ошончого берип жатабыз. Мындан 4-5 жыл мурда 250-300 сомго чейин саткан баргек өрүктөрүбүздү бүгүнкү күнү алдын 100 сом, аркасыны 30 сомдон берип жатабыз, - деп билдирди багбан Иса Жалилов.


Ошол эле учурда сыртка экспорттоо аракеттеринен да майнап чыкпай келет. Ага биринчи эле кезекте эл аралык талапка жооп бербегендиги себеп болууда. 

Бул жылы бейөкмөт уюмдар тарабынан өрүктүн сапатын жакшыртып, экспортко чыгаруу аракети башталды. Бул “Жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүдө жарандык коомдук уюмдардын жана жаштардын катышуусун күчөтүү” долбоору аркылуу ишке ашырылат.


Баткен облусунун аймагында 10 000 гектардай өрүк багы бар. Багбандар мындан жылына 6 млрд сомдун тегерегинде киреше табышат. 

Эгерде сапатына көңүл бурулуп, дүйнөлүк базарларга чыкса кирешенин көлөмү 2-3 эсеге өсөт.