Жаңылыктар
Салык кызматынын сайты аркылуу электрондук патент сатып алгандар көбөйдү
Экономика
Салык кызматынын сайты аркылуу электрондук патент сатып алгандар көбөйдү

Салык кызматынын жаңы кызматы иштеген мезгил ичинде 14 миң 945 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө патент сатып алышты. Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бериле баштаган. 

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.