Жаңылыктар
Жайыл райондук ИИБ башчысынын орун басары пара менен кармалды
Коррупция
Жайыл райондук ИИБ башчысынын орун басары пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. УКМК маалымдагандай, Жайыл РИИБдин ыкчам иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары ошол эле мекеменин жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки ишин оң жагына чечип берем деп буга чейин 5 миң доллар талап кылган. 

Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте бөлүм башчынын орун басарын кызматкеринен 5 миң доллардын калган 40 миң сомун алып жаткан жеринен кармаган. Милициянын подполковниги УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда коопсуздук комитеттин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.