Жаңылыктар
Коррупцияга шектелген экс-президент өзүн өлтүрдү
Дүйнө
Коррупцияга шектелген экс-президент өзүн өлтүрдү

Перунун экс-президенти Алан Гарсияны кармоо учурунда өз жанын кыйып каза болду. РИА Новости жазгандай, Гарсияны полиция өзү жашаган үйүнөн кармоого аракет кылган. 

Ички иштер министри Карлос Морандын айтымында, экс-президентин үйүнө шаршембинин таңында барышкан. Ал адвокатына телефон чалып алууну сурап аркы бөлмөгө кирип кеткен. Бир аздан кийин анын жаракат алганын көрүп, полиция ооруканага жеткирген. Дарыгер Гарсия башынан жаракат алганын айтышкан. 

Экс-президент коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан. 

Алан Гарсия мамлекетти 1985-1990 жана 2006-2011-жылдары башкарган.