Жаңылыктар
Бүгүн улуу манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү
Маданият
Бүгүн улуу манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү. Быйыл ал 101 жашка чыкмак.

Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.


Жусуп Мамай "Манас" эпосунун 8 урпагына чейин айтат. Анын айтымында, бул эпос 500 000 сап ырды түзөт.

"Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты Кытай Эл Республикасында араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой", "Ажыбек Баатыр" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.


Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылган.

2014-жылдын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан манасчы Жусуп Мамайга улуу «Манас» эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.