Жаңылыктар
Юстиция министрлиги КСДП партиясынын жетекчиси катары Абдрахмановду каттады
Саясат
Юстиция министрлиги КСДП партиясынын жетекчиси катары Абдрахмановду каттады

Өлкөнүн Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Мекеме мындай чечимди партиянын съездинин чечиминин жана саясий уюмдун эскертме катынын негизинде кабыл алган. КСДПнын Сагынбек Абдрахманов баштаган бөлүгү эми өздөрүнө партиянын күбөлүк, мөөрүн жана мүлкүн каттатуу аракетин көрөт. Ал эми экинчи тарап бул иш аракеттер менен макул эмес.

Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДП партиясынын 18-съезди 3-апрелде өткөн. Анын жыйынтыгы менен саясий уюмдун лидери алмашып, Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов шайланган. Абдрахманов курултай мыйзам чегинде өтүп, бардык укуктук талаптар эске алынганын айтат.

Курултайдан эки күндөн кийин, 5-апрелде партия юстиция министрлигине эскертме кат жөнөткөн. Анда КСДПнын жаңы төрагасын шайлоо боюнча съезддин чечими, уюмдун жаңы юридикалык дареги көрсөтүлгөн. Буга кошумча төраганын паспортунун көчүрмөсү берилген.

Бул арада өлкөнүн юстиция министрлиги КСДП партиясынын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду каттаганы маалым болду. Бул боюнча мекеме билдирүү таратты. Мыйзамга ылайык, юридикалык жак мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүү жана толуктоолор тууралуу, чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү. Ага төраганын кол тамгасы коюлган курултайдын чечими жана анын өздүгүн тастыктаган документ гана талап кылынат.

Партиянын төрагасын алмаштыруу тартиби мыйзамдуу өттү деген Юстиция министрлиги менен депутат Ирина Карамушкина макул эмес. Ал мекеменин мындай кадамын сындап, “Юстиция министрлигине басым кылып, партияны кайра каттоого алдырышты” деген пикирин билдирди. Бүгүн ошондой эле КСДПнын экинчи тарабы болгон партия мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүшүп, Сагынбек Абдрахманов баштаган партиянын иш аракеттерин тааныбай тургандыктарын билдиришти. Бул арада Сагынбек Абдрахманов эми партиянын мүлкүн, мөөрүн, уставын жана сдпк.кж сайтын өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ал Алмазбек Атамбаевге бул боюнча расмий кат жөнөткөнүн билдирди.

Адистер партия арасындагы талашты эми сот аркылуу гана чечүү мүмкүн экенин, саясий уюмдун тегерегиндеги азыркы абал дагы ошол нукка баратканын белгилешет.

Айрым талдоочулар мыйзам так сакталган, демократия өнүккөн өлкөлөрдө мындай көрүнүштөр кабыл алынгыс деп айтышат. Кыргызстанда болгондо да чейрек кылымдан ашык тарыхы бар, эски партиялардын биринде кризис өкүм сүрүп жатат. Андыктан адистер бул жагдай парламенттик башкаруу системасына жаңы өтүп, ал эми калыптанып жаткан жагдайга өз таасирин тийгизбей койбойт деп белгилешүүдө.