Жаңылыктар
Өкмөт башчы медициналык тез жардам кызматынын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштады
Ден соолук
Өкмөт башчы медициналык тез жардам кызматынын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштады

Дени сак улут - дени сак өлкө. Cаламаттык сактоо тутуму Өкмөттүн өзгөчө көңүл буруусуунда. Жылына мамлекеттик бюджеттен 20 миллиард сомдон ашык каражат тармакка сарпталат. Саламаттык сактоону өнүктүрүүгө башка да каражат булактары изделүүдө. Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилигинде баш калаадагы медициналык тез жардам станциясынын көйгөйлөрү талкууланды.

Каалоо менен мүмкүнчүлүктөр дайым эле дал келе бербейт. Башкы себеби, кадрлар жетишпейт. Анан да миллиондон ашык адам жашаган Бишкекте 120 тез жардам бригадасы керек болсо, бүгүн 39 гана бригада иштейт. 



Көйгөйдү чечүүнүн дагы бир жолу катары станцияны оптимизациялоо. Ал аркылуу 31 тез жардам унаасын сатып алуу жана кошумча эки станция ачуу сунушталууда. Бул сунуш ишке ашса, жетүү кыйын болгон борбордун төмөнкү аймагын жана кичи райондорду тейлөө маселеси чечилмек.

Башкы көйгөйдү чечүүнү күтүп отурбай эле оптимизациялоо иштери башталды. Борбордук станцияда автоматташтырылган тутум киргизилди. Бул тез жардам унаанын шаардын кайсыл аймагында жүргөнү жана чакырууга кеткен бригаданын иши онлайн түрдө көзөмөлдөнөт. Ошондой эле, программа оорулуу менен оператордун сүйлөшүүсү, чакыруунун кайдан, кайсыл даректен түшкөнү, кезек күткөндөр тууралуу маалыматты экрандан көрүп турууга болот. Учурда долбоордун экинчи этабынын үстүндө жумуш жүрүүдө. 

Станциянын ишиндеги көйгөйлөр менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев таанышты. Ал өкмөт тез жардам бригадасынын ишине жана шаардыктар ыкчам медициналык жардам алууга шарт түзүүгө болгон аракетин жумшайт деди. 



Өкмөттө жол эрежесин бузуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат. Айып пулдун 50 пайызын тез жардам линиясына которуу маселеси каралууда.

50 пайыз деп алдын ала эсептегенде, бул схема боюнча бүгүнкү күнгө чейин 10 млн сомго жакын акча эсепке түшмөк дейт Жунусов. Бул жылдык бюджети 100 млн сомдой тез жардам кызматы үчүн сезилээрлик кошумча акча.

Унаа жана кадр маселеси чечилсе, медициналык тез жардам стандартка ылайык иштеп калат, тагыраагы чакырык түшкөндөн тарта 20 мүнөттө оорулууга келип, алгачкы жардамды берет эле дешет адистер.