Жаңылыктар
Ош шаарында өтүүчү эл аралык иш-чарага карата чоң камылга көрүлүүдө
Маданият
Ош шаарында өтүүчү эл аралык иш-чарага карата чоң камылга көрүлүүдө

20-апрелден 22-апрелге чейин Ош шаарында өтүүчү эл аралык иш-чарага карата чоң камылга көрүлүүдө. Чыгармачыл топтор келип бүттү. Он тогузунан тартып расмий коноктор келе баштайт. Уюуштуруучу топ салтанатка келүүнү каалаган чет элдиктердин саны күн санап өсүп жатканын билдирүүдө.

"Ош" эл аралык аба майданы күнүгө конокторду тосуп алууда. 15-апрелден тартып Казакстан, Сербия, Македония, Өзбекстан, Башкыртыстан, Тыва, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерден маданият чеберлери келишти.

Ал арада, аянтка гүлдөр отургузулуп, тазалыкка өзгөчө көңүл бурулууда. 20-апрелде бул жайда “Түрк дүйнөсүнүн этно маданий фестивалы” өтөт. Анда элдик каада-салттар, этномузыка, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат. 10 боз үй тигилет. Чоң-Алайлыктар “Бала бешикке салуу” салтын көрсөтүшөт.

Жыйынтыктоочу бөлүгү кечкисин стадиондо белгиленет. Кечки саат сегизден тартып, Казакстан Республикасынын Эл артисти Роза Рымбаева, Якутиялык этноыкмада аткаруучу Юлияна Кривошапкина жана түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору катышкан гала-концерт болот.

Сахна орнотулуп, түз алып берүү үчүн техникалык жабдыктар жайгаштырлууда. Жалпы 25тей чыгармачыл топ иш үстүндө. Айтмакчы, мындай көлөмдүү сахна алгачкы ирет жасалгаланууда. Сахнанын бийиктиги 15, туурасы 70 метрди түзөт.

Негизги иш-чаралар калаанын 3 бөлүгүнө: борбордук аянт, стадион, Сулайман-Тоонун жанындагы Алымбек-Датка этнобагына белгиленген. 19нан 21не чейин жалпы 16 иш-чара камтылган. 21 өлкөдөн жалпы 500дөй расмий коноктун келүүсү күтүлүүдө.