Жаңылыктар
Белгилүү велоспортчу Евгений Ваккер 45 жашка толду
Спорт
Белгилүү велоспортчу Евгений Ваккер 45 жашка толду

Өз өлкөсүнүн патриоту, Кыргызстандын атын эл аралык мелдештерде татыктуу көрсөтүп келген жападан жалгыз велоспортчу Евгений Ваккер 45 жашка толду.  Азиянын төрт, ал эми дүйнөнүн эки жолку чемпиону көптөгөн өлкөлөрдүн сунуштарынан баш тартып, мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келген. Азыркы убакта Германияда жашаган, бирок туулуп-өскөн мекенин унутпаган этникалык немец спортчусу.

Евгений Ваккер Азиянын төрт жолку чемпиону, Азия оюндарынын алты жолку байге ээси. Ошондой эле үч Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Анын узун жеңиштер тизмесинде трек боюнча Азия Кубогу да бар. Евгений чоң спортко кокусунан эле келип калган.

Евгений Ваккер - Союздун курама командасында мелдештерге катышкан эң акыркы велоспортчу болуп саналат. 1990-жылы Ваккер велоспорт боюнча өлкөнүн жаштар курама командасына кирген. Эгемендүүлүк алынгандан кийин Олимпиадалык резерв мектебинин бүтүрүүчүсү бардык эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып баштаган.

Даңазалуу велоспортчу Кыргызстанга эң акыркы жолу 2017-жылы келген. Анда Ваккердин спорттук эмгеги бааланып, үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Евгений Ваккер азыркы убакта үй-бүлөсү менен Германияда жашайт. Велоспортко болгон сүйүү анын эки уул жана кызына да өткөн. СССРдин спорт чебери машыктыруучулук менен алектенип, кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк аренага алып чыгууну көксөп келет.