Жаңылыктар
Борбор калаада салттуу музыка жумалыгы өтөт
Маданият
Борбор калаада салттуу музыка жумалыгы өтөт

Бишкек шаарында 20-апрелден 25-апрелге чейин салттуу музыка жумалыгы өтөт. Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "Кыргыз салттуу музыкасы" фонду биргеликте уюштуруп жатат. 

Анын алкагында, бир жума бою калаадагы бардык маданий жайларда салттуу музыка, күү, элдик чыгармалар тартууланып, музыкалык аспаптардын коштоосунда концерттик программалар, таанып билүү сабактары өтөт. Эске салсак, Кыргызстанда 25-апрель салттуу музыка күнү катары 15 жылдан бери белгиленип келет.