Жаңылыктар
Суудан 5 жашар баланы издеген куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн таап чыгышты
Кырсык
Суудан 5 жашар баланы издеген куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн таап чыгышты

Аламүдүн районундагы Константиновка айылында сууга чөгүп кеткен беш жашар Барсбек Бектемировду издеп жатып, куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн таап алышты. Эске салсак, буга чейин Ат-Башы суусуна кичинекей бөбөктүн түшүп кеткени маалымдалган. Сууга кулап кеткен Барсбекти ӨКМдин куткаруучулары менен суучулдар бүгүнкү күнгө чейин издеп жатышат. 

Чүй облустук милициянын маалыматына караганда, сөөгү табылган эркек үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан киши экенин болжолдошкон. 16-апрель күнү Аламүдүн РИИБине 15-апрелде болжол менен кечки саат тогузда 29 жаштагы Владимир Доложневич аттуу адам чыгып кетип, кайтпаганы тууралуу маалымат түшкөн. Сөөк табылгандан кийин ал жерге милиция менен маркумдун туугандары барып, ким экени аныкталган. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.