Жаңылыктар
Өзгөндө дагы бир таш кесүүчү завод ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө дагы бир таш кесүүчү завод ишке кирди

Өзгөндө дагы бир таш кесүүчү завод ишке кирди. 

Суткасына 1 000 чарчы метрде даяр продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар ишканада 30 жаңы жумуш оруну ачылды. Негизинен жергиликтүү элден тартылгандар. 

Завод өнүмүн коңшу Өзбекстанга экспорттойт. Сыръену Жалпак-Таш айыл өкмөтүнөн ташыйт. 

Өзгөндө бул сыяктуу таш кесүүчү онго чукул завод бар. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аталган райондо жалпы 11 жаңы ишкана ачылып, 400дөй туруктуу жумуш оруну түзүлгөн.