Жаңылыктар
Талас шаарында пара алып жаткан полковник кармалды
Кылмыш
Талас шаарында пара алып жаткан полковник кармалды

Талас шаардык аскер комиссариатынын жетекчиси пара алып жатканда кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлагандай, кармалган адам арыздануучуну аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу опузасы менен 25 миң сом акча талап кылган. 

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган полковник УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.