Жаңылыктар
Сууга аккан 5 жашар баланын сөөгү табылды
Кырсык
Сууга аккан 5 жашар баланын сөөгү табылды

11-апрелде Ат-Башы суусуна түшүп кеткен 5 жаштагы Барсбек Бектемировдун сөөгү табылганын бөбөктүн туугандары маалымат сайттарына билдирди. Эске салсак, жакындарынын, ӨКМ куткаруучуларынын Барсбекти издеп жатканына бүгүн 8 күн болгон. Баланын сөөгү Васильевка айылынан табылды. 

Буга чейин Барсбектин кош бойлуу энесинин абалы начарлап, Саламаттык сактоо министрлиги адистерди жибергени айтылган. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында сууга чөгүп кеткен беш жашар баланы издеп жатып, куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн дагы таап алышкан. 

Чүй облустук милициянын маалыматына караганда, 16-апрель күнү Аламүдүн РИИБине 15-апрелде болжол менен кечки саат тогузда 29 жаштагы Владимир Доложневич аттуу адам чыгып кетип, кайтпаганы тууралуу маалымат түшкөн. Сөөк табылгандан кийин ал жерге милиция менен маркумдун туугандары барып, ким экени аныкталган.