Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын алдында жазуучунун стеласы орнотулду
Маданият
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын алдында жазуучунун стеласы орнотулду

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын алдында жазуучунун стеласы орнотулду. Автору Краснодар крайынын белгилүү айкелчиси Виктор Мосиелев. Демилгечилердин айтымында айкел Россиянын аймагына тургузулмак. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстанга алып келүүнү чечишкен. 

Салтанаттуу ачылышка Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, демилгечилер жана шаар тургундары катышты. Бул улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган экинчи стела. Залкардын 90 жылдыгына карата "Кош, Гүлсары" повестине арналган айкел Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына орнотулган.